Кыргызстанда качкын макамын алуу эрежелерин катаалдаштыруу каралууда — кеңири маалыматСадыр Жапаров Сеулда инвестицияларды, жасалма интеллектти жана биргелешкен өндүрүштөрдү талкууладыКыргызстанда 1-октябрдан тарта онлайн нотариалдык кызматтардын тизмеси кеңейтилетБишкекте алгачкы 17 жаңы YUTONG автобусу каттамга чыктыАйрым аймактарда өткүн өтөт: 17-сентябрга карата аба ырайынын божомолуЧүй камералык оркестри Нарын менен Жалал-Абадда концерт берет
Ипотека алуу үчүн алгачкы төлөмдү топтоого мамлекеттик банк жардам берет
21.05.2024 | 09:44
«Топтолмо ипотека» жаңы социалдык долбоору жарандарга турак жай сатып алууга колдоо көрсөтөт. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компания билдирди.
Алардын маалыматында, МИК “РСК Банкы” менен биргеликте программа иштеп чыгууда.
Бул программанын негизги шарты баштапкы төлөмдү ( турак жайдын наркынын 30%ын) топтоо болуп саналат. Жаран аларды графикке ылайык ай сайын толуктап, банктагы эсебине топтойт.
Андан кийин банк ага күрөөсүз турак жайдын баасынын 20% өлчөмүндө 5 жылга жылдык 10% менен насыя берет. Калган 50%ды 8% менен Мамлекеттик ипотекалык компаниясынан 15 жылга алат.
«Топтолмо ипотека» долбоорун расмий ишке киргизүү 2024-жылдын күз айларына пландаштырылган.
ИӨБ Кыргызстанга ипотекалык турак жай курууга 79 млн доллар бөлөт
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика