Көчөдөн 14 жаштагы кызга кол салып, муунткан. Шектүү кармалдыМанас шаарына жаңы «Манас» стеласы орнотулдуАла-Арча жаратылыш паркына дүйнөлүк стандарттагы родельбан курулатСадыр Жапаровдун Тажикстанга болгон иш сапары аяктады – маанилүү учурларАгартуу министрлиги окуу китептерин иштеп чыгуу үчүн ачык сынак жарыяладыБооом капчыгайында беш күн таш түшүрүү иштери жүргүзүлөт
Олимпиадага карай жол. Кыргыз боксчулар лицензиялык мелдешке катышат
21.05.2024 | 15:07
Кыргызстандык мушкерлер Париждеги Олимпиада оюндарына лицензия ойнотулган бокс боюнча мелдешке катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдеш Таиланддын Бангкок шаарында өтүп, 23-майда башталат. Ага Кыргызстандан 6 мушкер барат.
Белгилей кетсек, бул турнирде боксчуларга Париждеги Олимпиадага лицензия алууга соңку мүмкүнчүлүк берилет. Кыргызстандык мушкерлер азырынча жолдомо ала элек.
Курама команданын тизмеси:
- Анвар Хожаев – 51 кг;
- Мунарбек Сейитбек уулу – 57 кг ;
- Асхат Култаев – 63,5 кг;
- Нурадин Рустамбек уулу – 71 кг;
- Өмүрбек Бекжигит уулу – 80 кг;
- Эркин Адыл уулу – 92 кг ;
Башкы машыктыруучу – Төлөгөн Данияр уулу;
Улук машыктыруучу – Улан Сагынбаев;
Машыктыруучу – Беганас Султанбаев.