Үй куруу үчүн берилген жерге башка объект салып алса, эмне болот? Расмий жооп

05.06.2024 | 13:14

Үй куруу үчүн берилген жер тилкеге тамдын ордуна курулган коммерциялык объекттер түрттүрүлүүгө тийиш. Бул тууралу Жогорку Кеңештин жыйынында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин директорунун орун басары Бакай Турдугулов билдирди.

Жыйында депутат Камила Талиева там салууга берилген жерге үйдүн ордуна ишкана, соода-сатык үчүн дүкөн сыяктуу объект куруп, жерди башка багытта колдонгондорго кандай чара көрүлөрүн сурады.

Суроого Мамкурулуш агенттигинин өкүлү Бакай Турдугулов жооп берип: “Ал жер тилкесинин функционалдык багытын бузуу болуп саналат. Андай объекттер көйгөйлүү болуп, түрттүрүлүшү керек”, – деди.

Турдугулов учурда өлкөдө турак үй үчүн берилген жерлерге башка объекттер салынган учурлар көп экенин мойнуна алды.

Scroll to Top