Кыргызстанда ДНК тест жүргүзүү үчүн жабдуу сатылып алынат. Бул тууралуу И. Ахунбаев атындагы медициналык академиянын ректору Индира Кудайбергенова билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө мыкты генетиктер бар, бирок жабдуу жок болгондуктан изилдөө жүргүзүлбөйт.
«Биздин адистер өтө мыкты, бирок жабдуу жок болгондуктан генетикалык изилдөө жана тест жүргүзбөй жатабыз», — дейт ал.
Белгилей кетсек, Кыргызстан Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан насыя алып, аны жогорку окуу жайларда билим берүүнүн сапатын жакшыртууга жумшамакчы.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз