Кыргызстанда 500 мектепте шахмат ийримдери ачылып, керектүү жабдуулар жеткирилүүдөСадыр Жапаров поезд кырсыгына байланыштуу Испаниянын королу Фелипе VIга көңүл айттыУлуттук банк шылуундар жасалма сертификат колдонуп, алдамчылык кылып жатышканын эскертти«Түндүк» иштебей, күрөө катталбай жатат — мекемелердин жообуКыргызстанда деградацияга учураган жайыттарды калыбына келтирүү программасы иштелип чыктыБоом капчыгайында 2–6-ноябрда таш түшүрүү иштерине байланыштуу кыймыл чектелет
Кыргызстанда ДНК тест жүргүзүү үчүн жабдуу сатылып алынат
05.06.2024 | 17:25
Кыргызстанда ДНК тест жүргүзүү үчүн жабдуу сатылып алынат. Бул тууралуу И. Ахунбаев атындагы медициналык академиянын ректору Индира Кудайбергенова билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө мыкты генетиктер бар, бирок жабдуу жок болгондуктан изилдөө жүргүзүлбөйт.
“Биздин адистер өтө мыкты, бирок жабдуу жок болгондуктан генетикалык изилдөө жана тест жүргүзбөй жатабыз”, – дейт ал.
Белгилей кетсек, Кыргызстан Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан насыя алып, аны жогорку окуу жайларда билим берүүнүн сапатын жакшыртууга жумшамакчы.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом