Кечээ түнү Алай районунда «Lada 222140» үлгүсүндөгү унаа Мурдаш суусуна түшүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Машинанын ичинде айдоочу жана анын 6 жаштагы баласы болгон. Кишини жардамга келген күбөлөр куткарып калып, уулу агып кеткен.
Бүгүн анын сөөгү табылып, куткаруучулар туугандарына өткөрүп берди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз