Бишкекте жумушсуздардын саны бош орундардан 500гө көп

Бишкекте жумушсуздардын саны бош орундардан 500гө көп

Бишкекте 4,4 миң бош орун бар. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, бош орундардын  73,7%ы  жумушчу кесиптер.

Жарым жыл ичинде Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгына 8,6 миң адам ишке орноштуруу жана иш менен камсыз кылуу боюнча жардам сурап кайрылган. Ар бир үчүнчү адам жумушка орношкон же жумушка орношууга дайындалган. Көбүнчө Ленин районунун тургундары иш табышкан.

Борбор калаада жалпысынан 4952 адам жумушсуз деген расмий статуска ээ, негизинен аялдар жана жаштар.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>