Бишкекте хоккей боюнча Азия Кубогу башталатКыргызстандын жеке энергетикалык компаниялары Энергетика министрлигинин үстүнөн президентке арыз менен кайрылыштыРоссиянын коргоо министри Белоусов расмий сапар менен Бишкекке келди27-апрелге карата аба ырайыБишкек мэрине кытайлык Geely электробустары көрсөтүлдү — алар шаардык каттамдарга чыгышы мүмкүнМинистрлер кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекитти
Беш айда ресторан жана мейманканалар 18,7 пайызга көп кызмат көрсөтүштү
11.07.2024 | 13:15
2023-жылдын январь-майына салыштырганда мейманканалар жана ресторандардын кызмат көрсөтүүсүнүн көлөмү 18,7 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Алардын кирешеси беш айда 11 миллиард 268 миллион сомду түздү. 2023-жылдын январь-май айларында 9,2 миллиард сом табышкан.
Бишкектеги ресторан – мейманканалардын кызматы 5 миллиард 205 миллион сом, Чүй облусунда 2,1 миллиард сом болду.
Өлкө боюнча Нарын облусунда ресторан менен мейманканалардын саны аз. Бул аймакта беш айлык киреше 19,5 миллионду гана түздү.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом