Адылбек Касымалиев социалдык коргоо жана кесиптик бирликтер кызматкерлерин куттуктадыМамлекеттик туунун авторлорунун бири Эдил Айдарбеков дүйнө салдыБишкек ШИИБи Сыймык Жапыкеевдин кармалышы боюнча суроого жооп берди: батирдеги ызы-чууКыргызстанда инвесторлор үчүн жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү сунушталуудаСыймык Жапыкеев кармалганын жана «Кыргызтестке» жетишпей калганын билдирдиДастан Бекешев: ЖИ Конституциянын орусча котормосунан 44 ката тапты
Беш айда ресторан жана мейманканалар 18,7 пайызга көп кызмат көрсөтүштү
11.07.2024 | 13:15
2023-жылдын январь-майына салыштырганда мейманканалар жана ресторандардын кызмат көрсөтүүсүнүн көлөмү 18,7 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Алардын кирешеси беш айда 11 миллиард 268 миллион сомду түздү. 2023-жылдын январь-май айларында 9,2 миллиард сом табышкан.
Бишкектеги ресторан – мейманканалардын кызматы 5 миллиард 205 миллион сом, Чүй облусунда 2,1 миллиард сом болду.
Өлкө боюнча Нарын облусунда ресторан менен мейманканалардын саны аз. Бул аймакта беш айлык киреше 19,5 миллионду гана түздү.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом