Кыргызстанда окуу жылы 15-сентябрда башталат — себептериКыргызстан Дүйнөлүк банкты ак илбирсти коргоого жана 2027-жылкы тоо саммитине даярдык көрүүгө чакырдыБаткенде эркек киши аялын бычактап, андан кийин өзү асынып каза болдуКыргызстанда мугалимдердин айлыгы эки эсе көтөрүлдү — кенен маалыматТоктогул суу сактагычынан 12 миң метр синтетикалык тор чыгарылдыБишкекте хоккей боюнча Азия Кубогу башталат
Лазат Нуркожоеванын жигитинин агасы дагы бир айга камалды
11.07.2024 | 13:51
Президенттин карындашы Лазат Нуркожоеванын жигити Афтандил Сабырбековдун агасы Тариэль дагы кармалды. Бул тууралуу маалыматты Reporter.kg’ге Биринчи май райондук сотунан ырасташты.
Анын бөгөт чарасы 8-июль күнү каралып, 3-августка чейин камакка алынды.
Иниси Афтандил Сабырбеков Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-пункту боюнча (“Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо”) шектелүүдө.
Лазат Нуркожоева жигити тууралуу азырынча эч кандай билдирүү жасай элек. Ал Оруу-Сайда колун сураган кезде тартылган видеолорду президенттин кечирим суроосунан кийин өчүргөн.
https://reporter.kg/lazat-nurkozhoevanyn-zhigiti-3-avgustka-chejin-kamaldy/
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом