Бишкекте куткаруучулар жумушка алынат. Талаптар

14.07.2024 | 13:29

«Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасы Кара-Жыгач токоюнун аймагындагы Комсомол көлүн реконструкциялоо иштери аяктап жаткандыгына байланыштуу куткаруучуларды ишке чакырат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Жумушка орношууну каалагандар төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:

– чөгүп бара жаткан адамга жардам, аны суудан чыгаруу, аны кармагандан бошотуу ыкмалары, сүйрөө жана биринчи жардам көрсөтүү ыкмалары;

– сууда сүзүү;

– куткаруучу жабдууларды колдонуу эрежелерин;

– куткаруучу кайыкты башкаруу.

Кызматтык милдеттери:

– куткаруу постунда нөөмөт;

– сууда кырсыкка кабылган адамдарга токтоосуз жардам көрсөтүү;

– суу кемелерин жана куткаруучу техниканы аракетке даяр абалда кармоо;

– нөөмөттү кабыл алуу жана тапшыруу;

– кырсыктар жөнүндө отчеттордун журналын жана китебин жүргүзүү.

Вакансия тууралуу толук маалыматты Бишкек шаары, Ташкент көчөсү, 17 дареги боюнча саат 8:00дөн 17:00гө чейин же 0312 37 53 30 телефону аркылуу алса болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top