Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
Оштогу сел. Базарда агып кеткен аял табыла элек
16.07.2024 | 10:10
Оштогу селде базарда агып кеткен 39 жаштагы Айнагүлдү издөө уланууда.
Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 143 куткаруучусу жээктерди карап чыгат. Алар 10 топко бөлүнүп, Ош шаарынын Борбордук базарынан баштап, Ак-Буура дарыясынын Өзбекстанга чейинки аралыгында издөө ишин жүргүзүшөт.
Кечээ Төлөйкөндө агып кеткен аял жана анын 3 кызынын сөөгү табылды.
Белгилей кетсек, 14-күнү Ош шаарында жана облустун бир нече айылдарында катуу сел жүрдү. Ал 800гө жакын үйгө кирип, 8ден ашык көпүрөнү жана бир катар социалдык мекемелерге зыян келтирген. Сел калаанын башкы базары аркылуу өтүп, ишкерлердин товарларын агызып кеткен.
Оштогу селдин кесепети. 500гө жакын үй, 10 мал, 17 унаа жабыркады