2030-жылга чейин Чүй облусунун 100 миң тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз болотСүлүктүдө шахта урап, бир кенчи каза болду — ӨКМКытайлык ишкана күн жана шамал электр станцияларын курууга 1 млрд доллар инвестиция салууга кызыкдарДанияр Токтотемиров: «Өлүк жандар» тирилүүдөЭртең Бишкекте фонтандар сезону ачылатКытай менен чек арадагы көзөмөл-өткөрмө пункттары майрам күндөрү убактылуу жабылат
УКМК: Таласта прокурордун жардамчысы пара менен кармалды
29.07.2024 | 15:37
Таластын Айтматов районунун прокурорунун улук жардамчысы пара менен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалым болгондой, аталган жардамчы С.Р. Таластагы бир компаниянын жетекчисинен мамлекеттик бюджетке төгүлө турган салык төлөмдөр боюнча маселени чечүү үчүн 100 миң талап кылган.
Прокурордун жардамчысы 25-июлда 90 миң сом пара алып жатканын жеринен УКМКнын жана Башкы прокуратуранын кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн.
Соттун чечими менен ал камакка алынган.
Белгилүү болгондой, кармалган кызматкер (С.Р.) мурда Бакай-Ата районунун прокурорунун орун басары болуп иштеген.