Онлайн эмес: Бишкектеги мектептер эртең кадимки тартипте иштейтОвсюктун жаңы коркутуусу: бул жолу Бишкектеги соода борборлоруОкуучуларды коркуткан адамдын өздүгү аныкталдыБишкектеги мектептер 17-октябрда онлайн форматка өтөтБишкекте белгисиз адам окуучуларды коркуткан— мектептер курчоого алынып, балдар эвакуацияландыКыргызстанда айдоочуларды окуткан унааларга текшерүү жүрүп жатат
ТИМ АКШда сабалган кыргыз жигиттин ишин көзөмөлгө алды
14.08.2024 | 19:00
Чикаго шаарында кол салууга кабылган кыргызстандык Шайлообек Базарбай уулунун ишин Тышкы иштер министрлиги көзөмөлгө алды. Бул тууралуу тышкы саясат мекемеси билдирди.
Башкы консулдук окуянын чоо-жайын аныктоодо.
Эскерте кетсек, Шайлообек Базарбай уулун АКШда өспүрүмдөрдүн тобу сабап, тоноп кетишкен.
Балдар кыргыз жаранынын бутун сындырып, жаңы машинасын талкалап, буюм-тайымын, паспорт, капчыгынан бери уурдап кетишкен.
Америкалык медиага маегинде, Шайлообек Базарбай уулу Чикагонун полициясы чара көрбөй, өспүрүмдөрдү кармабай жатканына арызданган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом