Кыргызстанда унаалардын терезелерин караңгылатууга жаңы акция өткөрүү сунушталууда — чоо-жайыЖайыттарды калыбына келтирүү үчүн себилүүчү уруктарга 50 млн сом бөлүндүОш, Манас жана Баткен шаарларында студенттер үчүн жатаканалар курулатКыргызстандыктар «Түндүктөн» алардын маалыматтарын кимдер караганын көрө алышатКыргызстанда медицина кызматкерлери санариптик технологияларга окутулатБишкекте «Казак киносунун күндөрү» өтүүдө
ТИМ АКШда сабалган кыргыз жигиттин ишин көзөмөлгө алды
14.08.2024 | 19:00
Чикаго шаарында кол салууга кабылган кыргызстандык Шайлообек Базарбай уулунун ишин Тышкы иштер министрлиги көзөмөлгө алды. Бул тууралуу тышкы саясат мекемеси билдирди.
Башкы консулдук окуянын чоо-жайын аныктоодо.
Эскерте кетсек, Шайлообек Базарбай уулун АКШда өспүрүмдөрдүн тобу сабап, тоноп кетишкен.
Балдар кыргыз жаранынын бутун сындырып, жаңы машинасын талкалап, буюм-тайымын, паспорт, капчыгынан бери уурдап кетишкен.
Америкалык медиага маегинде, Шайлообек Базарбай уулу Чикагонун полициясы чара көрбөй, өспүрүмдөрдү кармабай жатканына арызданган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом