Улуттук тарых музейинде Улуу Ата Мекендик согушту эскерүүгө арналган көргөзмө ачылдыМанас шаарында эл аралык китеп фестивалы өтөтЖК комитети Маматкановдун вице-премьер-министрлик кызматка талапкерлигин жактырдыБишкекте 5 миң жумуш орду сунушталган кесиптер жарманкеси өтөтЫсык-Көлдүн түбүнөн бир чакырымдан ашык браконьердик тор чыгарылдыОшто 100 жумуш орундуу кондитердик цех ачылды
Быйыл 844 млн сомго 149 мектеп курулат
15.08.2024 | 10:35
Быйыл 844 млн сомго 149 мектеп курулат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Жалпысынан 2024-жылы курула жана оңдоодон өтө турган объекттердин саны 431, ага 1 миллиард 439 миллион сом каралды.
87 мектептин курулушунун сметалык документтерин даярдоого 21,2 млн. сом жумшалат. 78и 226,1 млн. сомго капиталдык оңдоодон өтөт.
306 млн сомго 63 бала бакча тургузулат. Анын 42синин долбоорун чийип, чыгымдарын аныктоо үчүн 11,8 млн. сом сарпталат. 12 бакча 30 миллион сомго оңдолот.
Биринчи жарым жылдыкта 14 мектеп жана 3 бала бакча ачылып, 7 мектеп жана бала бакча капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом