Кытайлык ишкана күн жана шамал электр станцияларын курууга 1 млрд доллар инвестиция салууга кызыкдарДанияр Токтотемиров: «Өлүк жандар» тирилүүдөЭртең Бишкекте фонтандар сезону ачылатКытай менен чек арадагы көзөмөл-өткөрмө пункттары майрам күндөрү убактылуу жабылатОш – Кашкар багыты боюнча түз авиакаттам ачылдыКыргызстандын агроэкспортунун үлүшү бир жылда 8,8%дан 13,3%га өстү
Байышбек Астанакулов Таластын мэри болду
16.08.2024 | 15:36
Байышбек Астанакулов Талас шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү документке Садыр Жапаров кол койгон.
Мэр кызматына дайындалганга чейин Астанакулов Ысык-Көлдүн Тоң районунун акими кызматын ээлеп турган.
Буга чейин ал соттун жардамчысы, Айдаркен шаарынын (Баткен) мэри болуп иштеген.
Эскерте кетсек, буга чейин Таластын мэри болуп Эрмат Жумаев иштеп келген. Жакында эле ал облус башчысы кызматына дайындалган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом