Кыргызстан Сауд Арабиясынан жарандарды кайтаруу үчүн Жидда – Ош каттамын жандантатПрезидент Кыргызстандын Катардагы элчисин дайындадыЖогорку Кеңеште антикинолорду жабуу сунушталдыКыргызстандыктар БАЭден Оман аркылуу эвакуацияланат — Садыр ЖапаровБишкекте Ирандын элчилигинин алдында тилектештик акциясы өтүүдөБишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбордун курулушу башталды
Москвада «Кыз-жигит Сармерден» сынагы өттү
19.08.2024 | 19:00
Москва шаарында «Кыз-жигит Сармерден» музыкалык маданият жана каада-салттарынын фольклордук фестиваль-сынагы өткөрүлдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Ал Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Эгемендүүлүк күнүнө арналды. Анда Москвадагы кыргыз диаспора уюмдарынын өкүлдөрү өз таланттарын көрсөтүштү.
Программада “Манас” эпосунан үзүндүлөр айтылып, Мекенге, эли-жерине болгон сүйүүнү даңазалаган кыргыз элдик ырлары аткарылып, кыргыздын улуттук каада-салттары, үрп-адаттары чагылдырылган көрүнүштөр көрсөтүлдү.
Активдүү катышуучулар Орусиядагы элчиликтин ыраазычылык каттары менен сыйланышты.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом