31-августта майрамдык салтанатка байланыштуу Бишкектин борборунда бир нече көчө жабылат.
Алар:
— Чүй проспектиси Ибраимов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү;
— Фрунзе көчөсү Эркиндик бульварынан Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү;
— Орозбеков менен Раззаков көчөлөрү Фрунзе көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки бөлүктөрү;
— Ибраимов көчөсү Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү.
Ошондой эле Ч.Айтматов, Манас проспектиси жана Байтик баатыр, Ж.Абдрахманов көчөлөрүндө убактылуу чектөөлөр киргизилип турат.
30-августтан 2-сентябрга чейин Ички иштер министрлигинин өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт.