Мектептерде коомдук фонд ачып, акча чогултууга тыюу салуу пландалууда

Мектептерде коомдук фонд ачып, акча чогултууга тыюу салуу пландалууда

Жогорку Кеңеште мектептердин алдында коомдук фонд түзүүгө жана ата-энелерден мажбурлап акча чогултууга тыюу салган мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.

Мыйзам долбоорун депутат Миргүл Темирбаева иштеп чыккан.

Темирбаеванын айтымында, ал сунуштаган мыйзамга ылайык мектептерде коомдук фонд түзүп, ата-энелерден мажбурлап акча жыйноого тыюу салынат. Акча чогулткула деп кыйнаган киши мугалим же ата-эне болсун, айыпка жыгылат. Аларга 40 миң сом айып салынат. Ал эми юридидикалык жактар үчүн 60 миң сом айып каралган.

Ошол эле учурда, депутат билдиргендей, ишкерлер же колунда бар адамдар, анын ичинде ата-энелер өз каалоосу менен мектепке акчалай жардам берем десе, аталган мыйзам ага тыюу салбайт.

Алдыда бул мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда каралып, жактырылышы керек. Андан соң президент кол койгондон кийин гана күчүнө кирет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>