Бишкек менен Душанбе парламенттик кызматташууну күчөтүүнү талкууладыКыргызстанда окуу жылы 15-сентябрда башталат — себептериКыргызстан Дүйнөлүк банкты ак илбирсти коргоого жана 2027-жылкы тоо саммитине даярдык көрүүгө чакырдыБаткенде эркек киши аялын бычактап, андан кийин өзү асынып каза болдуКыргызстанда мугалимдердин айлыгы эки эсе көтөрүлдү — кенен маалыматТоктогул суу сактагычынан 12 миң метр синтетикалык тор чыгарылды
Кызыл-Кыяда жол кырсыктан 4 адам көз жумду
18.10.2024 | 13:50
Баткендин Кызыл-Кыя шаарында жол кырсыктан 4 адам көз жумду. Бул тууралуу облустун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Жол кырсык 18-октябрга караган түнү болжол менен саат 02:50до болгон. Ош – Баткен – Раззаков жолунда “Мерседес-Бенц W211” унаасы менен бараткан 29 жаштагы айдоочу карама-каршы тилкеге чыгып кетип, “Хонда Степвагон” менен сүзүшкөн. Жол кырсыктын айынан 4 адам каза болуп, дагы 4 киши ооруканага түшкөн.
Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом