Жогорку соттун төрагалыгына Медербек Сатыевдин талапкерлиги сунушталды

Жогорку соттун төрагалыгына Медербек Сатыевдин талапкерлиги сунушталды

Жогорку соттун төрагасы кызматына Медербек Сатыевдин талапкерлиги сунушталды. Аталган чечим бүгүн, 22-октябрда өткөн Соттор кеңешинин жыйынында кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, эми анын талапкерлиги Жогорку Кеңеште каралат. Ал 45тен кем эмес депутаттын добушуна ээ болушу керек. Андан кийин дайындоо тууралуу президенттин жарлыгы чыгат.

Жогорку соттун төрагасы 5 жылга дайындалат.

Төрагалык кызматка талапкер адам Конституциялык соттун же Жогорку соттун судьяларынын арасынан тандап алынат.

Эскерте кетсек, буга чейин төрагалык кызматты Замирбек Базарбеков ээлеп келген. Ал кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы 9-октябрда белгилүү болгон.

Замирбек Базарбеков Жогорку соттун төрагасы кызматынан бошотулду

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>