Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында акы төлөнүүчү 84 миң унаа токтотмо орун салынат. Бул тууралуу коңшу мамлекеттин басылмалары жазды.
Алгач 14 миң орун, андан кийин 70 миң орун даярдалат. Алардан түшкөн киреше жөө адамдар үчүн инфраструктураны жакшырууга, жол курууга, коомдук унааларга жумшалат.
Унаа токтотмо жайларында видеокөзөмөл, автоматташтырылган төлөм системасы орнотулат.
Токтотмо жайларды салууга ишкерлер да катыша алат.