Дастан Бекешев «TikTok» соцтармагын бөгөттөн чыгарууну суранып, УКМКга кайрылдыКыргызстан менен ЕККУ «тоо күн тартибин» ишке ашыруу жана глобалдык саммитке даярдык көрүү боюнча кадамдарды белгилештиКР Улуттук банкынын кызматкерлери Австрия жана Чехиядагы банктык көзөмөлдүн европалык тажрыйбасын үйрөнүштүБишкекте Жибек-Жолу проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылатӨзбекстан биринчи космонавтын космоско учурууга даярдануудаЫсык-Көлдө «Тамчы» атайын финансылык-инвестициялык аймагынын курулушу башталды
Милиция: Кадамжайда жеңил унаа жолго чуркап чыккан окуучуну сүзүп кетти
22.10.2024 | 17:36
Баткендин Кадамжай районунда жеңил унаа мектеп окуучусун сүзүп кетти. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Окуя бүгүн, 22-октябрда Орозбеков айыл аймагында болгон. Милициянын маалыматы боюнча, 23 жаштагы тургун Honda Fit унаасы менен Орозбеков көчөсүндө баратканда, жолдун сол жагынан 9 жаштагы бала чуркап чыккан. Натыйжада унаа баланы сүзүп, ал ооруканага жеткирилген.
Учурда аталган факт каттоого алынып, териштирүү иштери жүрүүдө.