Бишкек мэрине кытайлык Geely электробустары көрсөтүлдү — алар шаардык каттамдарга чыгышы мүмкүнМинистрлер кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекиттиЧүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — Орунбеков
Таласта эне менен уул-кызын сүзүп кеткен айдоочу кармалды
23.10.2024 | 18:06
Таласта эне менен уул-кызын сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Айдоочу – 29 жаштагы К.Б. аттуу жаран. Милициядан билдиришкендей, учурда ал тергөө кызматында суракта отурат. Андан кийин ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынат. Анын бөгөт чарасы 48 саат ичинде каралат.
Эскерте кетсек, бүгүн, 23-октябрда Таласта «Хендай Грандер» унаасы карама-каршы тилкеге чыгып, жөө өтмөктөн өтүп бараткан аялды жана анын уул-кызын сүзүп кеткен. Андан кийин дагы үч унааны сүзгөн.
Жол кырсыктын айынан 31 жаштагы келин, 6 жаштагы кызы жана 4 жаштагы баласы көз жумган.
Жол тескөөчүлөрү күнөөкөр айдоочуну милициянын тергөө кызматына өткөрүп берген.
https://reporter.kg/talastagy-zhol-kyrsykta-ene-menen-uul-kyzy-kaza-boldu/
Рубрики: Жаңылыктар, Коом