Бишкек мэрине кытайлык Geely электробустары көрсөтүлдү — алар шаардык каттамдарга чыгышы мүмкүнМинистрлер кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекиттиЧүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — Орунбеков
Дүйнө чемпионаты (U-23): Бүгүн Сазанова менен Билимбекова таймашка чыгат
24.10.2024 | 10:00
Албанияда 23 жашка чейинки (U-23) балбандар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионаты уланууда.
Мелдеш 21-октябрда башталган, 27-октябрда жыйынтыкталат.
Бүгүн, 24-октябрда дүйнө чемпионатынын төртүнчү күнүндө аялдар күрөшү боюнча 53, 57, 62, 65, 72 кг салмактарда беттештер өтөт. Кыргызстандык спортчу кыздардан бүгүн Калмира Билимбекова (62 кг) жана Дилназ Сазанова (65 кг) таймашка чыгат.
Ошондой эле кечээ, 23-октябрда беттешке чыгып, жеңилүү ызасын тартып калган Арууке Кадырбек кызы (55 кг) менен Сезим Жуманазарова (59 кг) коло үчүн ат салышууга мүмкүндүк алды. Аларды уткан атаандаштары финалга өткөндүктөн, Кадырбек кызы жана Жуманазарова көңүл жубатуучу беттешке чыгып, анда жеңишке жетсе, үчүнчү орун үчүн күрөшөт.