Алыкул Осмоновдун үй-музейи оңдоп-түзөөдөн өттү (сүрөт)

04.11.2024 | 13:39

Белгилүү акын Алыкул Осмоновдун Бишкектеги үй-музейи оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Иш-чарага маданият министринин биринчи орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу, шаар мэри Айбек Жунушалиев, Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Актоты Раимкулова катышкан.

Чыңгыз Эсенгул уулу уй-музейди оңдоп-түзөө иштерине салым кошкон фонддун президенти Актоты Раимкуловага ыраазычылык билдирген.

“Учурда үй-музейде эки миңден ашык экспонат турат. Алардын арасында акындын жеке буюмдары, кол жазмалары жана колдонгон буюм-тайымдары да бар”, – деп билдирет министрлик.

[image_carousel source=”media: 215641,215640,215639,215638,215637″ limit=”20″ slides_style=”photo” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”no”]

Алыкулов Осмонов 1915-жылы жарык дүйнөгө келип, 1950-жылы көз жумган.

Акындын үйү Бишкекте «Сокулук көчөсү 10» дарегинде жайгашкан. Осмонов аны 1945-жылы сатып алып, өмүрүнүн аягына чейин — 1950-жылдын 12-декабрына чейин жашаган. Ал үй 1941-жылы салынган. Акыркы жолу оңдоо иштери 2000-жылдары жүргүзүлгөн. Үйдү оңдоо иштерин жүргүзүү керектиги бир нече жылдан бери айтылып келе жаткан.

Быйыл сентябрда үйдү оңдоо үчүн тендер жарыяланып, ал үчүн 8,5 млн сом каралганы белгилүү болгон.

https://reporter.kg/alykul-osmonovdun-bishkektegi-yj-muzejin-82-mln-somgo-ondoo-plandaluuda/

Scroll to Top