Ар бир кыргызстандык акысыз түрдө IT-көндүмдөрүн үйрөнө алат — «One Million Coders» программасы башталдыБийик тоолуу аймактардагы калктуу конуштардын тизмеси бекитилдиШайлоо алдындагы үгүт эрежелерин бузган жарандар айыпка жыгылдыКыргызстанда үч медиадолбоор экстремисттик деп табылды. Арасында «Temirov Live» жана «Kloop.kg» барКыргызстандык балбан Билол Шарип уулу жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында коло медаль тагындыКыргызча GTA. Кеминде кайгуул кызматкерлери мас айдоочунун артынан кубалашты
Кыргызстандын ооруканаларында канча медициналык беткап бар? Адистин жообу
25.02.2020 | 13:56
Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстандын ооруканаларында 593 миң 949 даана бир жолу колдонулуучу медициналык беткап бар.
Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башкы адиси Бактыгүл Исмаилова билдирген.
Ошондой эле ал респиратордук беткаптардын саны 44 миңден ашарын белгилеп өткөн.
Исмаилова кошумчалагандай, Медициналык техника жана дары-дармек менен камсыздоо департаментинин маалыматы боюнча, дарыкана түйүндөрүндө 232 миң медициналык беткап бар.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом