Бишкекте «Өлбөс полк» жүрүшүн өткөрүүгө уруксат берилдиКазакстан жарым жылга тоок жумурткасын импорттоого тыюу салды — анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнөн даБишкек электр тармактар ишканасынан акча чыгарып кетүүгө шектелип директор, башкы эсепчи жана анын орун басары кармалдыМамлекеттик өнүктүрүү банкы май айында фондулук биржага чыгатЧүй облусунда 1250 гектар жерде зыянкеч чегирткелер аныкталдыСтуденттерге контракттык окуу үчүн жеңилдетилген насыя берүү сунушталды
Өзгөндө окуучулар мушташып, бирөө ооруканага түшкөн
03.03.2025 | 13:57
Ош облусунун Өзгөн районунда мектеп окуучулары мушташып, бир өспүрүм ооруканага түшкөн. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, 14-февралда Өзгөн райондук милициясына 2008-жылы туулган окуучу (К.Э.) ур-токмок жеп, ооруканага түшкөнү тууралуу кабарланган.
Териштирүү учурунда аныкталгандай, Өзгөндөгү №34 мектептин 11-классынын окуучуларынын ортосунда мушташ чыгып, аты аталган өспүрүм сабалганы белгилүү болгон.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө жүрүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар