Кыргызстан Дүйнөлүк банкты ак илбирсти коргоого жана 2027-жылкы тоо саммитине даярдык көрүүгө чакырдыБаткенде эркек киши аялын бычактап, андан кийин өзү асынып каза болдуКыргызстанда мугалимдердин айлыгы эки эсе көтөрүлдү — кенен маалыматТоктогул суу сактагычынан 12 миң метр синтетикалык тор чыгарылдыБишкекте хоккей боюнча Азия Кубогу башталатКыргызстандын жеке энергетикалык компаниялары Энергетика министрлигинин үстүнөн президентке арыз менен кайрылышты
УКМК “Фейсбуктун” колдонуучусун кармады
03.03.2025 | 14:06
“Фейсбуктун” колдонуучусу массалык башаламандыктарга чакырык жасооого шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Жусуп Ботобаев аттуу жаран “Фейсбуктагы” баракчасына өлкөдөгү абалды туруксуздаштыруу, башаламандык уюштуруу максатында чагымчыл мазмундагы билдирүүлөрдү жарыялаган деп шектелүүдө.
Атайын кызмат ал “Манас” эл аралык аэропортунан Москвага учуп жатканда кармалганын, ага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (массалык башаламандыктарга чакырыктар) менен кылмыш иши козголгонун билдирди.
Соттун чечими менен ал №1 тергөө абагына камака алынды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом