Рахмон Кыргызстанга келет, айрым көчөлөр маал-маалы менен жабылып турат

Рахмон Кыргызстанга келет, айрым көчөлөр маал-маалы менен жабылып турат

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келе тургандыктан 12-13-мартта Бишкек менен Чүй облусунун айрым көчөлөрү маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маал-маалы менен жабыла турган көчөлөр:

  • «Манас» эл аралык аэропорту — Бишкек жолу;
  • Фучик көчөсү Бишкек шаарынын чегинен тартып Чүй проспектисине чейин;
  • Чүй проспектиси Фучик көчөсүнөн Манас проспектисине чейин;
  • Манас жана Ч. Айтматов көчөлөрү «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына чейин;
  • «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынан тартып «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине чейинки жол.

Жол милициясы айдоочулардан 12-13-мартта  аталган көчөлөрдүн жээктерин унааларын калтырбоону, жүк ташуучу чоң унаалар менен жолго чыкпай турууну, жол эрежесин сактоону суранат.

Эгерде башка жолдор жабыла турган болсо, кошумча маалымат берилет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ЖКККББ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>