Бишкек мэрине кытайлык Geely электробустары көрсөтүлдү — алар шаардык каттамдарга чыгышы мүмкүнМинистрлер кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекиттиЧүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — Орунбеков
Өрт учурунда каармандык көрсөткөн медицина кызматкерлери сыйланды
11.03.2025 | 10:38
Улуттук кардиология жана терапия борборунун кызматкерлери өрт учурунда көрсөткөн каармандыгы үчүн Ардак грамота жана ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай, аталган кызматкерлер ушул жылдын 11-февралында Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунун имаратында чыккан өрт кырсыгында бейтаптарды эвакуациялоого жана тез жардам көрсөтүүгө катышышкан.
Министрлик алар өзгөчө кырдаал учурунда жогорку жоопкерчиликти жана берилгендикти көрсөтүшкөнүн белгиледи. Медицина кызматкерлерине сыйлыктарды саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев тапшырган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар