Беш жылдык эмгек стажы болбогондор пенсияга чыга албайт

Беш жылдык эмгек стажы болбогондор пенсияга чыга албайт

Азыркы тапта Кыргызстанда жарандар пенсияга 5 жылдык минималдык эмгек стаж менен чыга алат. Бул тууралуу «Биринчи радионун» түз эфиринде Социалдык фонддун Коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Жеңиш Мукамбетов билдирди.

Анын айтымында, былтыр 1-июлда мыйзамга өзгөртүүлөр кирген. Ага ылайык аялдар 58 жашында, эркектер 63 жашында (пенсияга чыгуу курагы өзгөргөн жок — ред.) 5 жылдык стаж менен пенсияга чыгат. Ага чейин пенсияга чыгуу үчүн аялдарда 20, эркектерде 25 жылдык стаж болушу керек болгон.

Мукамбетов минималдык стаж жыл сайын көтөрүлүп турарын белгиледи.

«5 жылдык минималдык стаж деген талап 2024-жылдын 1-июлунан 2025-жылдын 31-декабрына чейин иштейт. 2026-жылдын 1-январынан тарта минималдык стаж 6 жыл болот. Ошону менен жыл сайын бир жылдан кошулуп отуруп, 2045-жылдан баштап талап кылынган стаж 20 жыл болуп калат», — деди ал.

Ал буга чейин пенсияга чыгуу үчүн талап кылынган стаж 20 жана 25 жыл болгондо, жарандар стажы жетпесе да пенсия чыгып жүргөнүн, бирок ага жараша мамлекет тарабынан берилген пенсиянын базалык бөлүгүн да толук ала албаганын айтты.

«Союз тарагандан кийин ар кандай жагдайлардан улам көпчүлүктүн стажы болбой калган. Пенсияга чыкканда да мамлекет тарабынан кепилденген базалык бөлүк теңдемелүү болуп толук берилчү эмес. Мисалы аялдарга 20 жыл стаж талап кылынса, бирок 10 эле жыл стажы болсо, пенсиянын базалык бөлүгүнүн (3170 сом) жарымын, 1585 сом эле алып калчу. Былтыр июлда мыйзамдан «толук эмес пенсиялар» деген берене алынган. Азыркы учурда андай пенсиялар чегерилбейт», — деди ал.

Мукамбетов билдиргендей, эмгек стажды эсептөөдө жарандын иштеген жылдары эске алынат: 1996-жылга чейинки маалымат эмгек китепчесинен алынат, 1996-жылдан кийинкиси камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөнү каралат.

Андан тышщкары ал камсыздандыруу төгүмдөрү төгүлбөгөн учурлар да – окуу жайда билим алган (диплом болушу шарт), баласын үйдө карап отурган (3 жашка чейин), аскерде кызмат өтөгөн, ишсиз катары каттоодо туруп, жумушсуздук боюнча жөлөкпул алган жана майып балдарын баккан мезгил эмгек стаж катары эсептеле турганын белгиледи.

Белгилей кетсек, азыр пенсияга чыгуу үчүн кеминде 5 жылдык стаж керек. Жетиштүү стажы болбогондор пенсия ала албайт. Аталган стаж бара-бара 20 жылга чейин жеткирилет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>