Мектеп формасы классикалык стилде болушу керек. Министрлик парламентте айтылган сунуштарга жооп бердиРоссиянын мигранттарга карата жаңы мыйзамдары: Эмне үчүн кыргызстандыктарга зыянга караганда, пайдалуу болушу мүмкүн?Шашылыш билдирүү: Тоолуу райондорго жана ашууларга кар көчкү түшүшү мүмкүнКыргызстан агросекторду жеңилдетилген насыялоого 13 миллиард сомдон ашык каражат багыттайтДүйнө Иран менен АКШнын ортосундагы жаңжалдын курчушун күтүп жататМосквада Кыргыз илим жана маданият үйү ачылат
Таласта токойдон өрт чыгып, 40 гектар жер күйдү
19.03.2025 | 09:20
Таластын Бакай-Ата районунда 18-мартта токойдо чыккан өрттүн аянты 40 гектарды түздү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматы боюнча, 18-мартта саат 12:52де аларга Кең-Арал айылындагы токойдон өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Тилсиз жоо менен күрөшүүгө баш-аягы 135 адам, анын ичинде 40 куткаруучу, токой кызматынан 35 адам жана жергиликтүү тургундардан 60 киши тартылган.
Өрт саат 19:28де толугу менен өчүрүлгөн. Бактыга жараша жабыркагандар жок. Өрттүн аянты 40 гектарды түзүп, куураган чөп жана бак-дарактар күйгөн.
Министрлик өрттү өчүрүүдө жаңы алынган техникалар керекке жараганын белгиледи. Өчүрүү иштери учурунда шамал учкундарды учуруп, өрттүн күч алышына себеп болуп, кыйынчылык жараткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом