Кыргызстандын агроэкспортунун үлүшү бир жылда 8,8%дан 13,3%га өстүТүшүнүксүз жагдай жана ишенимге олуттуу доо кетирүү — КР ТИМи Евробиримдиктин санкциялары тууралууКадамжайда мыйзамсыз миграция уюштурууга шектелгендер кармалдыКабмин бизнести колдоонун 2030-жылга чейинки программасын чукул бекитүүнү тапшырдыКыргызстандын президенти ШКУга мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлерин кабыл алдыМитинг-реквием, «Өлбөс полк» жана жоокер боткосу: Бишкек 9-Майды кантип белгилейт
ӨКМ: Тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү мүмкүн
24.03.2025 | 12:06
24-26-март күндөрү боло турган жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда жана ашуудагы жолдордо кар күрткүсү жана кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Кар көчкү төмөнкү унаа жолдорго түшүүсү мүмкүн:
- Бишкек – Ош жолунун Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында;
- Каракол – Эңилчек жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда;
- Ала-Бука – Каныш-Кыя жолунун Чапчыма ашуусунда;
- Красная-Горка – Акташ жолунун 1-2-чакырымдарында.
Бул күндөрү муз тоңуп, жолдор тайгак болот. ӨКМ айдоочуларга унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо керектигин эскертти.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом