Кыргыз балбаны дүйнөнүн алдыңкы үчтүгүнө кирди: Акматалиев UWW рейтингинде көтөрүлдүБишкекте «Достук» жана «Саякат» мейманкана комплекстерин масштабдуу реновациялоо башталды25-февралга карата аба ырайыКР Билим берүү министрлиги кыргыз тили окуу китептеринин авторлору арасында кайрадан сынак жарыяладыДамирбек Осмонов Кыргызстандын саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалдыЭрлист Акунбеков айыл чарба министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды
Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында суу өчүрүлөт
25.03.2025 | 10:25
Бүгүн, 25-мартта Бишкек шаарынын айрым конуштарында ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу “Бишкексууканал” ишканасы кабарлады.
Суу саат 09:00дөн 24:00гө чейин суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.
Таза суу Куренкеев, Абдрахманов, Элебесов, Бельский көчөлөрү, Ала-Арча суусу, Жибек Жолу проспектиси, Жаш Гвардия көчөсү, ЧЧК, Саадаев көчөсү менен чектелген аймакта өчүрүлөт.
Ошондой эле «Красный Строитель», «Ак-Тилек», «Көлмө», «Алтын Бешик» жана «Салам Алик» конуштарында да суу жок болот.
«Бишкексууканал» ишканасы ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алышын суранды.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом