Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марлен Маматалиев менен болгон талаштан кийин кечирим сурадыБишкекте асма метро куруу мүмкүнчүлүгү каралуудаБишкектин бир бөлүгүндө 23-октябрда ичүүчү суу убактылуу токтотулатУлуттук банк эки төлөм уюмуна 6,2 млн сом айып пул салдыКыргызстандагы 25 мектепке «Starlink» спутниктик интернетинин терминалдары тапшырылдыКыргызстанда балдардын онкологиясына бөлүнгөн каржылоо беш жылда үч эсе өстү
Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында суу өчүрүлөт
25.03.2025 | 10:25
Бүгүн, 25-мартта Бишкек шаарынын айрым конуштарында ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу “Бишкексууканал” ишканасы кабарлады.
Суу саат 09:00дөн 24:00гө чейин суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.
Таза суу Куренкеев, Абдрахманов, Элебесов, Бельский көчөлөрү, Ала-Арча суусу, Жибек Жолу проспектиси, Жаш Гвардия көчөсү, ЧЧК, Саадаев көчөсү менен чектелген аймакта өчүрүлөт.
Ошондой эле «Красный Строитель», «Ак-Тилек», «Көлмө», «Алтын Бешик» жана «Салам Алик» конуштарында да суу жок болот.
«Бишкексууканал» ишканасы ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алышын суранды.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом