«2040-жылга чейин: Кыргызстанда табиятты коргоонун негизги планы сунушталды»Кытайдын тышкы иштер министри Кыргызстанга келетКыргызстан АКШдан келген автоунааларды көбүрөөк алып жатат, бирок аларга азыраак каражат сарптоодоИшкердикке жеңилдик: уруксат документтери эки эсеге кыскартылатМосквада ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңеши чогулдуПатенттер үчүн салык системасы жөнөкөйлөштү: эмне өзгөрдү
Бишкекте ротордук парковка ишке берилди
02.04.2025 | 10:42
Бишкек шаарындагы “Орто-Сай” базарынын аймагында ротордук унаа токтотуучу жай пайдаланууга берилди. Бул тууралуу шаар мэриясы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, аталган унаа жай 10 унаага ылайыкталган.
Унаа токтотуунун баасы биринчи саатына 25 сом, андан кийинки ар бир саатына өзүнчө 25 сомдон алынат. Төлөм QR-код аркылуу жүргүзүлөт. Андан кийин айдоочу операторго чекти көрсөтүп, унаасын токтотуучу жайдан чыгарып алат.
Мэрия бул долбоор ийгиликтүү ишке ашса, мындай унаа токтотуучу жайларды борбордун башка жерлерине да орнотууга болорун билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом