Кыргызстан Америка мамлекеттеринин уюмунда туруктуу байкоочу статусун алууну көздөөдөКыргызстандык окуучулар эл аралык математика олимпиадасында ийгилик жаратыштыКасымалиев АКШнын IT-гиганты менен санариптик коопсуздук боюнча жумушчу топ түзүү тууралуу макулдаштыБишкек конуштар үчүн жаңы автобустарды сыноодон өткөрүүдөБишкекте мечиттер КМДБнын балансына өткөрүлүп берилүүдөОш шаарында үч тараптуу айланма жол курулуп жатат
Словакиянын университеттери кыргызстандыктарды кабыл алууну баштады
03.04.2025 | 09:58
Словакиянын жогорку окуу жайлары 2025-2026-окуу жылына гранттык негизде билим алуу үчүн стипендиялык программаларга арыздарды Кыргызстандын жарандарынан кабыл алууну баштады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.
Арыздар ушул жылдын 24-мартынан тарта электрондук форматта кабыл алына баштаган. 25-май – арызды электрондук каттоо жана документтер топтому менен жөнөтүүнүн акыркы күнү.
Каттоо жана документтерди электрондук түрдө берүү тууралуу маалыматтар орус тилинде жана англис тилинде берилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом