Бишкекте 77 жаштагы аял алдамчыларга 850 миң сом которгон. 22 жаштагы шектүү кармалдыАКШда мигранттар үчүн коммерциялык айдоочулук күбөлүктү (CDL) алуу талаптары күчөтүлдүКыргызстан боюнча пайдалуу саякаттаңыз: MBANK MTravel сервисинде 10% кешбэк ишке киргиздиКармалган дарыгер-нефролог үй камагына чыгарылдыСүрөтчү Кыял Аккүчүкова оймо-чиймелерди патенттөө, жоокер Сайкал жана этно-стиль экономикасы тууралууСурабалдиева ЖКнын Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрайымы болду
Аттракциондон кулаган кыздын окуясы боюнча кармалган шектүү үй камагына чыкты
04.04.2025 | 11:50
Борбор калаанын Панфилов сейил багындагы аттракциондон кулаган кыздын окуясы боюнча шектүү катары кармалган 24 жаштагы аттракциондун оператору соттун чечими менен үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу шаардын Биринчи Май райондук милициясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, шектүү 1-июнга чейин үй камагында болот.
Белгилей кетсек, 31-март күнү Панфилов сейил багындагы иштеп жаткан аттракциондордун биринен 2006-жылы туулган кыз кулап, оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген.
Дарыгерлер учурда бейтаптын абалы оор экенин, ал акырындан өзүнө келе баштаганын жана анын баш, бет сөөктөрү сынып, ачык жаракаттары бар экенин айтышты.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом