Жалал-Абад жана Ош облустарында арзан мотор майларын бренддик марканын астында сатып жүргөн жеген шек менен төрт соода фирмасынын ээлери кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматта айтылгандай, айдоочулардан сатылып жаткан мотор майларынын сапаты боюнча көп даттануулар түшкөн. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 225-беренеси (уюшкан топ тарабынан башка бирөөнүн товардык белгисин мыйзамсыз пайдалануу) менен кылмыш иши козголгон.
Анын алкагында УКМК Жалал-Абад жана Ош облустарынын аймагында ири автомайлоочу майлардын кампаларында тинтүү иштери жүргүзүп, ири көлөмдөгү жасалма мотор майлары табылып алынган.
Атайын кызматтын маалыматында, фирмалардын директорлору жана жеткирүүчүлөрү «Х.А.А.», «Х.Ш.Х.», «Х.Н.Б.» жана «М.Х.Б.» мотор майларынын бренддик соода маркаларынын дилерлери болуп, Кытайдан контрабандалык жол менен сапаты төмөн майларды алып келишкен.
Мындан тышкары, табылган мотор майларынын бардык идиштеринде 2025-жылдын 1-мартынан тартып күчүнө кирген акциздик маркалар жок болгон. Экспертизанын жыйынтыгында, табылган майлардын сапаты төмөн экендиги, башкача айтканда, курамында “щелочтук элементтердин” жоктугу белгилүү болгон.
УКМК алардын кызматын «тендерчилер» деп аталган адамдар колдонуп, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен тил табышып, оригиналдууга жамынып жасалма майларды алып келишкенин билдирди.
Ошондой эле, Жалал-Абад жана Ош шаарларындагы айрым май алмаштыруучу жайларда Орусияда өндүрүлгөн арзан майларды бренддик маркалардын идиштерине куюп сатуу фактылары аныкталган.
Учурда бул кылмыштуу схемага тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.