Душанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин караштыЮстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп бердиКРда акчаны адалдоо үчүн 1 миллион сом айып салуу жана фирмаларды жабуу сунушталуудаБишкекте заманбап авторлордун «Графика» көргөзмөсү өтөтПолитехникалык коллеж КМТУнун карамагына өткөрүлдүПашинян Жапаровду Казакстандын президенти деп жаңылыш атады — протокол кызматынын башчысы иштен алынды
Күздөн тарта эреже бузган айдоочулардан экзамен алуу механизми иштелип чыга электиги айтылды
10.04.2025 | 13:19
Ушул жылдын 1-сентябрынан тарта эреже бузган айдоочулардан экзамен алуу механизми иштелип чыга электиги айтылды.
Бул тууралуу ЖКККББнын өкүлү Айзада Батыралиева брифингде билдирди.
Анын айтымында, азырынча так чечимдер жок. Механизмди минкабдын ведомстволор аралык комиссиясы талкуулашы керек.
Жол кайгуул милициясынын бул боюнча төмөнкүлөрдү сунуштайт:
- Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте сурамжылоо жүргүзүү үчүн портал түзүү;
- Инспектор айдоочунун суроолорго жооп берип жатканын видеого тартып алат. Бирок бул акыркы версия эмес;
- Экзамен жол эрежени одоно бузган гана айдоочудан алынат. Мындан сырткары ЖКККББ өкүлү “Түндүк” тиркемесине айдоочунун күбөлүгү алынганы тууралуу маалымат киргизилип калышы мүмкүн экенин, коомдук транспорттун айдоочулары да текшерилерин кошумчалады.
Рубрики: Жаңылыктар