Коронавируска байланыштуу Кыргызстанда бир катар ири эл аралык мелдештер жылдырылды

28.02.2020 | 17:09

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Аманкуловдун жетекчилиги менен өткөн чукул жыйындын негизинде, Кыргызстанда өтө турган бир катар ири эл аралык спорттук иш-чараларды өткөрүү мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу чечими кабыл алынды.

– 2020-жылдын апрель айына пландалган Азия жана Окения чөлкөмүндө спорттогу кызытмага каршы аракеттер боюнча Өкмөттөр аралык жолугушуу. Бул иш-чарада ВАДА менен Кызытмага каршы эл аралык конвенцияга мүчө болгон мамлекеттердин Өкмөтү менен ВАДАнын өз ара кызматташтыгына тиешелүү бардык маанилүү маселелер каралат. Иш-чарага бул чөлкөмдөгү 35ге жакын мамлекеттин өкүлдөрү анын ичинде 15 мамлекеттин спорт министри жана ВАДАнын президенти катышат деп пландалган.

-Шайба менен ойнолуучу хоккей боюнча IV дивизиондун дүйнө чемпионаты (3-5 март, Бишкек шаары) жана башка эл аралык спорттук иш чаралар (2020-жылдын май айына чейин) жылдырылды.

Мындан сырткары Кыргызстанда өтө турган спорттук күрөш боюнча Азиянын лицензиялык мелдеши өткөрүлбөй калды (27-29 март, Бишкек шаары).

Мындай чечим коронавирустун дүйнөгө жайылышы менен байланыштуу кабыл алынды.

Scroll to Top