Коронавируска байланыштуу Кыргызстанда бир катар ири эл аралык мелдештер жылдырылды

Коронавируска байланыштуу Кыргызстанда бир катар ири эл аралык мелдештер жылдырылды

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Аманкуловдун жетекчилиги менен өткөн чукул жыйындын негизинде, Кыргызстанда өтө турган бир катар ири эл аралык спорттук иш-чараларды өткөрүү мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу чечими кабыл алынды.

— 2020-жылдын апрель айына пландалган Азия жана Окения чөлкөмүндө спорттогу кызытмага каршы аракеттер боюнча Өкмөттөр аралык жолугушуу. Бул иш-чарада ВАДА менен Кызытмага каршы эл аралык конвенцияга мүчө болгон мамлекеттердин Өкмөтү менен ВАДАнын өз ара кызматташтыгына тиешелүү бардык маанилүү маселелер каралат. Иш-чарага бул чөлкөмдөгү 35ге жакын мамлекеттин өкүлдөрү анын ичинде 15 мамлекеттин спорт министри жана ВАДАнын президенти катышат деп пландалган.

-Шайба менен ойнолуучу хоккей боюнча IV дивизиондун дүйнө чемпионаты (3-5 март, Бишкек шаары) жана башка эл аралык спорттук иш чаралар (2020-жылдын май айына чейин) жылдырылды.

Мындан сырткары Кыргызстанда өтө турган спорттук күрөш боюнча Азиянын лицензиялык мелдеши өткөрүлбөй калды (27-29 март, Бишкек шаары).

Мындай чечим коронавирустун дүйнөгө жайылышы менен байланыштуу кабыл алынды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>