Кыргызстанда 200гө жакын ири инвестициялык долбоорду ишке ашыруу пландалуудаКыргызстан Россияга каршы жаңы пакеттин алкагында Европа Биримдигинин санкцияларына алгачкы ирет туш болдуБактыбек Саипбаев: Энергетика маселесин чечмейинче, тоо-кен казып алуу иши ордунан жылбайт«Сиз эмне, тойго келдиңизби? Күлүп отурасыз?» — Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары акимди тилдеди«Кепилдик капиталынын бир сому 10 сом насыя бере алат» – Нургүл Акимова туризмди өнүктүрүү тууралууСоцфонддун өз тизмеси бар. Айрым айылдар жеңилдиктерден кур калды
Бүгүн Бишкектин айрым көчөлөрү жабылат. Коргоо министрлиги парадка техника алып келе жатат
06.05.2025 | 17:48
Бүгүн, 6-майда Бишкекте кечки саат 20:00дөн тарта айрым көчөлөр убактылуу жабылат. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирди.
Коргоо министрлиги Жеңиш күнүнө карата өтө турган парадка Токмок шаарынан аскердик жана атайын техникаларды ташып келе жатат. Буга байланыштуу төмөнкү көчөлөр жабылат:
- Жибек Жолунун Төмөнкү Нооруз айылынан Шопоков көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Шопоков жана Ибраимов көчөлөрүнүн Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки кесилиштери.
Параддан кийин техника Чүй жана Дэн Сяопин проспектилери аркылуу өтүп, андан соң Лумумба көчөсү менен борбор калаанын түндүк жагына жөнөйт.
Эске салсак, парад 8-майда Ала-Тоо аянтында өтөт. Ага 3 миңдей адам жана 120дан ашуун аскердик жана атайын техника катышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом