Ош шаарында 14 үйдү жашоочуларга эскертүү бербестен сүрдүрө башташкан

Ош шаарында 14 үйдү жашоочуларга эскертүү бербестен сүрдүрө башташкан

Бүгүн, 8-майда Ош шаарындагы Шамшиев көчөсүндөгү 14 үйдү аны жашоочуларына кагаз түрүндө эскертүүлөр бербестен эле жолду кеңейтүү үчүн сүрдүрө башташкан. Бул тууралуу «Интербилим» коомдук уюму кабарлады.

«Жолду кеңейтүү, жол курулушу боюнча мыйзамдардын чечимдердин нускалары берилген эмес. Интербилим жергиликтүү бийликтен аталган үйлөрдүн жашоочулар менен жолугушууларды уюштуруп, суроо–жооп формасында андан ары эмне күтүлөөрүн так түшүндүрүүнү, компенсациянын бардык шарттары, суммалары жана төлөө мөөнөттөрү тууралуу жазма түрүндө расмий билдирүү жасоону талап кылабыз»,- деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, азырынча бир үй сүрдүрүлгөн. Ош шаарынын мэриясы ал үй-бүлөнү убактылуу турак-жай менен камсыз кылууда.

Уюмдун айтымында, буга чейин Ош шаардык мэриясы жана Ош регионалдык шаар куруу жана архитектурабоюнча башкармалыгы эл менен жолугуп, макулдашуу иретинде жолдун узундугу анын кеңейтилиши боюнча коомдук талкууларды жүргүзгөн эмес.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>