2025-жылдын январь-март айларында Кыргызстандын банк секторунун таза кирешеси 6,6 миллиард сомду түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 473,7 миллион сомго көп.
Евразиялык сактык банкы кирешенин олуттуу өсүшүн белгиледи. Анын көрсөткүчү 832 миң сомдон 95,5 миллион сомго чейин өстү.
Бул банк үчүн рекорддук көрсөткүч: өсүш 114 эседен ашык болду.
Муну менен катар ЭкоИсламикБанктын финансылык көрсөткүчтөрү да бир топ жакшырды. Анын кирешеси 2,7 миллион сомдон 33,5 миллион сомго — 12,3 эсеге жогорулаган.
Отчеттук мезгил ичинде «Бай-Түшүм» Банкы кирешесин 51,8 млн сомдон 86,2 млн сомго чейин көбөйткөн, бул 1,66 эсеге өсүүгө туура келет.
«Элдик Банк» 1,62 эсе өсүштү. 2025-жылы банк 812,8 миллион сом киреше алган, ал эми бир жыл мурда бул көрсөткүч 500,3 миллион сомду түзгөн.
«KICB Банк» кирешесин 429,3 миллион сомдон 601 миллион сомго чейин көбөйттү – 40%га жакын өсүш.
ФинансКредитБанк КАБ да финансылык жыйынтыгын жакшыртып, 13,3 миллион сомдун ордуна 18,5 миллион сом пайда алып, 1,39 эсеге өстү.
Компаньон Банкы үчүн көрсөткүч 1,31 эсеге өскөн.
«Айыл Банктын» кирешеси өткөн жылга салыштырмалуу 1,25 эсеге көбөйүп, 1,85 млрд сомго жетти. Бакай Банкта (+ 21%), FINCA Банкта (+ 19%), Мбанкта (+ 15%).
«Керемет Банк» туруктуулукту сактап калды – киреше бир аз өстү, 117,8 млн сомдон 118,3 млн сомго чейин.