Бишкекте тартипке 24/7 режиминде көз салынууда — ШИИБдин борбору кантип иштейтБорбор Азия мамлекеттери аймактын глобалдык позициясын талкуулаштыОрмуз кысыгы кайрадан жабылды — ИРСК каалаган кемеге сокку уруларын эскерттиЖол кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкеринин абалы тууралуу эмне белгилүү?КМШнын ТИМ башчылары биргелешкен космос программаларын өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташтыСадыр Жапаровдун TRON блокчейн-платформасынын негиздөөчүсү менен жолугушуусу кандай өттү — кенен маалымат
Ош шаарына 120 жаңы атайын техника берилди
12.08.2025 | 09:33

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ош шаарынын мэриясына жалпы 21 түрдөгү 120 даана атайын техниканы тапшырды.
Мэриядан кабарлашкандай, иш-чарага шаар мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык мекемелердин жетекчилери жана тургундар катышты.
Жаңы техника көчөлөрдү жууп-тазалоо, шыпыруу, кышкысын кар күрөө жана туз себүү, ошондой эле жолго асфальт төшөө иштеринде колдонулат. Тизмеде автовышкалар, крандар, HOWO жана SHAHMAN оор жүк ташуучу унаалар да бар.
Техникалар президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен мамлекеттик турукташтыруу фондунан бөлүнгөн 500 млн сомго сатып алынды.
Рубрики: Жаңылыктар