Бишкекте тартипке 24/7 режиминде көз салынууда — ШИИБдин борбору кантип иштейтБорбор Азия мамлекеттери аймактын глобалдык позициясын талкуулаштыОрмуз кысыгы кайрадан жабылды — ИРСК каалаган кемеге сокку уруларын эскерттиЖол кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкеринин абалы тууралуу эмне белгилүү?КМШнын ТИМ башчылары биргелешкен космос программаларын өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташтыСадыр Жапаровдун TRON блокчейн-платформасынын негиздөөчүсү менен жолугушуусу кандай өттү — кенен маалымат
Эсептөө палатасы: Билим берүү жана илим министрлигинде 2023-жылдагы бюджеттик бузуулар 723 миң сомдон ашкан
05.09.2025 | 09:51

Эсептөө палатасы 2023-жылга карата Билим берүү жана илим министрлигинде жана анын ведомстволук уюмдарында бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктарын жарыялады.
Маалыматка ылайык, 2023-жылы министрликтин бюджети 67 724 502,3 миң сомду, анын ичинен кассалык чыгымдар 61 821 556 миң сомду түзгөн.
Аудиттин натыйжасында жалпы бузуулар 723 554,6 миң сомду түзгөнү аныкталган. Анын ичинен калыбына келтирүүгө тийиш болгон 289 658,7 миң сомдун 74,13%ы аудит учурунда калыбына келтирилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом