КРга кузовдорду алып келүүгө тыюу салууну узартуу каралууда: 8 компанияга — импортко уруксатКыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнө салдыКыргызстанда банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөтОрусия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидерДушанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин караштыЮстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп берди
Италиялык легендарлуу дизайнер Жоржио Армани 91 жашында көз жумду
05.09.2025 | 09:40

Италиялык белгилүү модельер, Giorgio Armani брендинин негиздөөчүсү Жоржио Армани 91 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.
Дизайнер узак убакыттан бери ден соолугунан жабыркап жүргөн. Ошондуктан июнь айында Миланда өткөн эркектердин мода жумалыгында өзүнүн командасынын көргөзмөлөрүнө катыша алган эмес.
Армани 1934-жылы 11-июлда Италиянын Пьяченца шаарында төрөлгөн. Ал өзүнүн таланты жана ишкерлик жөндөмү менен дүйнөлүк мода тармагында ордун тапкан. Анын негиздеген компаниясынын жылдык жүгүртүүсү 2,3 миллиард еврого (2,7 миллиард долларга) чейин жеткен.
Жоржио Армани дүйнөлүк модада минимализм менен бийик стильди айкалыштырып, өзүнүн уникалдуу колтамгасын калтырган инсан катары тарыхта калды.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар